Жээнбеков баткендиктерди чагымчыларга алдырбоого чакырды
- 5 лет мурун
Бүгүн, 4-июлда, Президент Сооронбай Жээнбеков баткендиктерди чек ара маселесинде чагымчыларга алдырбоого чакырды.
«Мен билем, такталбаган чек аранын айынан ар кандай окуялар орун алууда. Ошондуктан, чагымчылдарга алдырбай, «алыскы туугандан — жакынкы коӊшу артык» дегендей, коӊшу мамлекеттин жарандары менен ынтымакта болуу — өзгөчө маанилүү.
Түбөлүктүү коӊшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта болгонго эч нерсе жетпейт» деп белгиледи Жээнбеков.
Президент бүгүн Баткен облусун кыдырып жүрөт.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү