»Ысык-Көл» аэропорту Оштон алгачкы аба каттамын кабыл алды
- 5 лет мурун
Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Ош шаарынан алгачкы аба каттамын кабыл алды.
Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн, 28-июнда, «Тез жет» авиакомпаниясы Ош-Тамчы багытында 88 жүргүнчү менен келди.
Бул каттам жумасына төрт жолу-дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү каттайт.
Муну бөлүшүү