​Ысык-Көлгө туристтик маалда кандай эл аралык аба каттамдары учуп келет?

  • 5 лет мурун

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 23-июнда туристтик маалды ачты.

Эртең, 27-июнда, Өзбекстан аба жолдорунун рейси Ташкенттен учуп келет. Авиа рейс жумасына бир жолу, бейшембиде каттайт.

28-июнда Казак аба жолдорунун авиа рейси учуп келет. Казак авиа рейси жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана жума күну келет.

Ошондой эле 28-июнда Ош шаарынан да TezJet авиа рейси келет. Оштон учак жумасына 4 жолу-дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү каттайт.

Ысык-Көлгө туристтик маалда Россия, Казакстан, Өзбекстандан авиакаттамдар келип турат.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты