Шаржда-Бишкек-Шарджа аба каттамы 5-июлда ачылат
- 5 лет мурун
Шарджа-Бишкек-Шарджа аба каттамы 5-июлда ачылат.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Аны Бириккен Араб Эмираттарынын Air Arabia авиакомпаниясы ишке ашырат.
Жаңы рейс жумасына төрт жолу: жекшемби, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учат. Учуу мөөнөтү- төрт саатка жакын.
Air Arabia авиа компаниясы 2003-жылы түзүлгөн, ал эл аралык жана ички рейстерден 170 каттамды ишке ашырат.
Буга чейин Кыргызстанда «FlyDubai» авиакомпаниясы иштеп келген.
Муну бөлүшүү