Сот экс-мэрлерди УКМК абагында калтырды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 24-июнда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланды.

Өткөн сот отурумунда Улуттук коопсуздук комитетинин абагында орун жок болуп жатканына байланыштуу, УКМК Кулматов менен Ибраимовду №1 тергөө абагына которуу тууралуу соттон суранган.

Адвокаттар №1 тергөө абагында алардын абалы начарлай турганын айтып, мындай сунушка каршы чыгышкан.

Сот айыпталып жаткан экс-мэрлерди УКМК абагында калтыруу чечимин кабыл алды.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов коррупциялык иштерге шектелүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты