Чүй облусунун социалдык-экономикалык көрсөткүчү төмөндөгөн

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ушул жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда Өкмөттүн Чүй облусунун губернатору Алтынбек Намазалиев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдашты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров беш айдын жыйынтыгы боюнча облуста көрсөткүчтөр төмөн болгонун билдирди:

«Мурда Чүй облусунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү да жакшы болгон. Бирок 5 айдын жыйынтыгы боюнча бир катар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөгөн.

Буга байланыштуу коюлган максаттарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, актуалдуу маселелерди чечүү, анын ичинде инвестицияларды тартуу, ишканаларды ачуу жана көйгөйлүү ишканалардын жагдайын жөндөө боюнча иштерди күчөтүү зарыл» деди ал.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты