​Батуттан жабыркаган бөбөк чарчап калды

  • 5 лет мурун

Балыкчы шаарында оодарылып кеткен батуттун алдында калган үч жашар кыз Бишкектеги Эне-баланы коргоо боюнча борборунда эсине келбей жан берди.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

9-июнда катуу шамалдан улам «Соң-Көл» кичи районунда балдар ойноп жаткан батут оодарылып кеткен. Андан улам ооруканага төрт бала түшкөн.

Алардын экөөнү дарыгерлер карап, үйүнө жиберген. Бир тууган эки кыздын бири, үч жашар кыздын абалы оор экени реанимацияга түшкөндүгү кабарланган. Беш жаштагы кыздын буту сынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты