​Египеттин экс-президенти Мохаммед Мурси сот залында каза тапты

  • 5 лет мурун

Египеттин экс-президенти жана «Мусулман агайындары» ислам уюмунун экс-лидери Мохаммед Мурси анын тыңчылыкка тиешеси бар экендиги тууралуу кылмыш иши боюнча сот отуруму маалында, 17-июнда, каза тапты.

Бул тууралуу Би-Би-Си Египет телеканалдарына шилтеме менен билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча Мурсинин өлүмүнө инфаркт себеп болгон.

2015-жылы апрелде Мурси президент болуп турган кезде демонстранттарды камоого жана кыйноого буйрук берген деп табылып, 20 жылга соттолгон.

Анда ага карата палестиналыктардын радикал «ХАМАС» тобу жана ливандык «Хезболла» уюму менен байланышта болгон деп айып коюлган.

Мохаммед Мурси 2012-жылы Египеттин тарыхындагы алгачкы демократиялык жана атаандаштык шартта өткөн президенттик шайлооодо жеңишке жеткен.

Өлкөнүн ага чейинки президенти Хосни Мубарак «араб жазы» окуяларынан кийин бийликтен кеткен. 2013-жылы Мурси Египеттин Куралдуу күчтөрүнүн генералдары тарабынан бийликтен четтетилген.

Анда өлкө жетекчилигине Абдул-Фаттах ас-Сиси келип, «Мусулман агайындарын» террордук уюм деп жарыялаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты