​Кармалгандар 100 миң сом акциз салыгын төлөдү

  • 5 лет мурун

Таласта 50 тонна күйүүчү майды акциз салыгын төлөбөй чек арадан алып өтөм дегендер кармалды. Майдын ээси М. С. акциз маркасы үчүн өз эрки менен 100 миң сом төлөдү.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (финансы полициясы) басма сөз кызматы билдирди.

Финансы полициясынын Кара-Буура жана Манас райондорунун бөлүмдөрү “Чоң-Капка-Автодорожный» өткөрмө пунктунан акциз салыгы төлөнбөгөн эки машина же 50 тонна күйүүчү майды кармаган.

Бул Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси, салык төлөөдөн качуу боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө кармалган товар ээси М.С. өз эрки менен 100 миң сом акциз салыгын төлөдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты