​ТИМ: Электрондук виза боюнча расмий сайтка гана кайрылгыла

  • 5 лет мурун

КР Тышкы иштер министрлиги электрондук виза алуу боюнча еvisa.е-gоv.кg, аттуу расмий сайт аркылуу гана кайрылууну өтүндү.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Айрымдар расмий сайт аркылуу кайрылбай, ортомчуларга кайрылып жаткандыгы айтылды. Ортомчулар визанын баасын бир жарым эсе көтөрүп жиберип жатышкандыгы да белгиленди.

Расмий эмес сайтка кайрылгандар “Электрондук виза» системасында алардын кайрылуусу жок болгонун жана даттанууларына жооп болбогонун айтып жатышат.

Андай сайттардын бири катары https: //www. kyrgyzstanvisas. com атоого болот.

Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги электрондук виза алуу үчүн расмий еvisa.е-gоv. кg сайтына гана кайрылууга чакырат.

Башка сайт аркылуу кайрылгандар боюнча ТИМ жоопкерчилик албай турганын билдирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты