Балдарга карата зомбулукка каршы өнөктүк башталды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен 1-июнь —балдарды коргоонун эл аралык күнүндө балдарга карата зордук-зомбулукту алдын-алуу боюнча «Тумар» улуттук кампаниясы башталды.

Өнөктүк Бишкек шаарындагы эски аянтта тушоо кесүү каада-салтынан башталды.

Иш-чарага Президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев катышат.

200 манасчы, 100 комузчу балдардын жана башка фольклордук номерлердин коштоосу күтүлүүдө.

Иш-чара балдарды зомбулуктан коргоо, мамилени өзгөртүү, уруп-сабоого тыюу салуу жана ата-энелерге балдарды позитивдүү маанайда тарбиялоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт.

2019-жылы дүйнөлүк коомчулук Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгын белгилейт. Кыргызстанда Конвенция 25 жыл мурда ратификация болгон.

1-июнда башталган иш-чара жыл аягына чейин улантылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты