Ошто касапкана ээлери иш таштады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 29-майда,Ошто касапкана ээлери шаардык мэриянын алдына чогулуп, мэрдин кабыл алуусун талап кылышты.

Алардын айтымында Оштогу мамлекеттик ветеринардык инспекция мал союлуучу жерлерди жабууга буйрук берген.

Шаардан тышкары райондордо союлган этти шаарга алып кирүүгө тыюу салынган.

Шаардык ветеринардык инспекция бул талаптар аймактагы эпизоотикалык абалды тескөө жана Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык келбеген касапканаларды жабуу максатында коюлганын кабарлады.

Маалымат боюнча шаардагы 250гө чамалуу касапчынын 200ү ишин убактылуу токтотту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты