Ошто жер титиреди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-майда саат 05:47де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү