​Сот “Ачык саясат” гезитин депутат Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 24-майда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Ачык саясат” гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Бул тууралуу гезиттин баш редактору Назгүл Мамытова билдирди.

“Октябрь райондук сотунун судьясы Майрам Дүйшөмбиева ушундай чечим чыгарып, жогору жактагылардын буйругун аткарды” деди Мамытова.

2018-жылдын август айында депутат Кожобек Рыспаев өзү тууралуу гезитте жазылган материал боюнча сотко кайрылган.

Гезит редакциясы эми жогору инстанциядагы сотко кайрылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты