Сапар Исаков сотто күбө калп айтканын билдирди

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ЖЭБ модернизациясы боюнча сотунда экс-премьер-министр Сапар Исаков “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун өкүлү Урматбек Камбаров жалган күбөгө өткөнүн белгилеп коюуну соттон суранды.

“Менин оюмча, ал атайын жасаган жок, абдан толкунданып кетти. Биз соттун протоколун колубузга алганда, ал кайсы жеринде калп сүйлөгөнүн айтам” деди Исаков.

Ошондой эле жабырлануучу “Электр станциясы” ААКтан болсо да, мамлекет үчүн жооп берип жатат” деди ал. Жабырлануучу тарап суроону билбей эле жооп берип, соттолуучуларды мазактап жатканын билдирди.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Ольга Лаврова, Айбек Калиев ж.б. айыпталып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты