​Дастанбек Жумабеков Бакиевдин Беларуста болушу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков Беларусь парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен 19-майда жолугушууда мурдагы өлкө башчы Курманбек Бакиевдин Беларуста кармалып турушу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи.

Владимир Андрейченко Кыргызстан менен Беларусь алакасын улантуу зарылчылыгын айтып, “Жогорудагы маселе эки тараптын калыптанган байланышына кедергисин тийгизбейт деген ишеничтебиз” деди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар талкууга алынды.

Мурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин президенттиктен кетип, Беларустан саясий баш паанек тапкан.

2013-жылы 12-февралда Курманбек Бакиев президент кезинде кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн сыртынан 24 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстан Бакиевди экстрадициялоо боюнча Беларус тарапка бир нече жолу кайрылып, бирок канаттандырарлык жооп ала алган эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты