​Кыргызстан Кытай компаниялары менен алтынды кайра иштетүү боюнча жана башка ишкана түзөт

  • 5 лет мурун

Бишкекте 17- майда “Шанхай кызматташтык уюму: Кызматташтык чегин кеңейтүү” аттуу бизнес-форум алкагында жана Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапарынын алдында кытай тарап менен 5 меморандумга жана 2 млрд АКШ долларынан ашуун суммалык 3 келишимге кол коюлду.

Алтынды кайра иштетүү ж.б. меморандум жана келишимдер

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги төмөндөгү компаниядарменен меморандум жана келишимдерге кол койду:

«Lingbao Gold Group» ЖЧКсынын жана «Фул Голд Майнинг» компанияларынын ортосунда алтынды кайра иштетүү заводун куруу боюнча (инвестициянын пландаштырылган суммасы — 500 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө меморандумга;

«Shenzhen Daren Group» «Lingbao Gold Group» жана «Фул Голд Майнинг» компанияларынын ортосунда орто азиялык баалуу металлдар биржасын түзүү боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 1 500 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө меморандумга;

Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын ортосунда Борбор Азия кантондук жарманкесин өткөрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын жана «Family Invest» компаниясынын ортосунда курулуш материалдарынын индустриалдык паркын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

«IBS MA» компаниясы ортосунда транс чек аралык төлөмдөрдү илгерилетүү жаатында стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишимге;

«CAS Capstone Technologies Development Co. Ltd» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында маалыматтык технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

«Торугарт Трейд» ЖЧКсынын жана «Вайту» компаниясынын ортосунда инновациялык технологияларга негизделген курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 3 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө келишимге;

«АиИ Компани» жана «Romantic Ceramics Co.,Ltd» компаниясынын ортосунда керамикалык буюмдардын шоу-румун ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты