​Батукаевдин иши боюнча Динара Сагынбаева кармалды

  • 5 лет мурун

Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаева Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалды.

Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Анын кармалышына Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотууга негиз болгон рак дартына байланыштуу деген медициналык корутунду себеп болду.

Буга чейин Динара Сагынбаева аталган иш боюнча суракка чакырылган.

Бул иш боюнча бир нече врач кармалган.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2006-жылы киши өлтүрүү, курал алуу, баш-аламандык уюштуруу боюнча 16 жылга эркинен ажыратылган.

2013-жылы Нарындын соту анын рак илдетине кабылганына байланыштуу деген медициналык корутундудан улам абактан бошоткон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты