Балыкчыда уранга каршы митингге чыккандар Бишкекке келишет

  • 5 лет мурун

Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынч митинг аяктап, катышуучулар жөө жүрүшкө чыгышты.

Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы Асеин Маданбеков билдирди.

Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө Балыкчы шаарынын мэриясы уруксат берген эмес. Андыктан милиция кызматкерлери адегенде жөө жүрүшкө чыккандарды токтотууга аракет кылышкан, бирок кайра тартипти сактоого чакырып, жолду бошотуп беришкен.

Жөө жүрүштүн 500 гө жакын катышуучусу митингди баш калаадан уланта турганын ишарат кылышты.

Буга чейин 26-апрелде Бишкекте уранга каршы митингге коомчулук чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты