Ошто диализ борбору ачылды

  • 5 лет мурун

Ош шаарында диализ борборунун ачылышы болду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Бул мекеме Германиянын Фрезениус Медикал Кэйр компаниясы менен өнөктөштүктө ачылган. Клиника жаңы 11 диализ жабдуусу менен жабдылган.

Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алар кошумча окутулуп, квалификацияны жогорулатуудан өткөн.

Бул Кыргызстандагы үчүнчү диализ борбору болуп саналат.Биринчи диализдик клиника өз ишин 2018-жылдын октябрында Жалал-Абад шаарында баштаган.

Февралда Бишкек шаарында экинчиси ачылган. Ал пландаштырылган төрт диализ борборунун эң ириси.

Быйылкы жылы Бишкек шаарында төртүнчү диализдик клиниканын ачылышы күтүлүүдө.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты