​Бишкек мэриясы 60 автобус сатып алды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын мэриясы газмоторлуу 60 автобус сатып алды.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сатып алынган жаңы газмотор автобустарды Аянтка тизип, коомчулукка жана Президент Сооронбай Жээнбековго көрсөтүштү.

Мэр Азиз Суракматовдун маалыматы боюнча, Бишкек мэриясы жалпы суммасы 301,9 млн сомго Yutong Кытай компаниясы тарабынан 2019-жылдын март айында чыгарылган 60 автобус сатып алган.

Автобуска 80 ге чейин адам батат, Евро-5 экологиялык стандартка ээ.

Автобуска электрондук билет системасын орното турган швейцариялык компаниянын өкүлү Тохир Абдукадыров маалымдагандай, эми жүргүнчүлөр жол акысын кадимки банк карточкасы же башка электрондук система жардамы менен накталай эмес төлөшсө болот.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, бул автобустардын орундуктары кышында жылытылат, 7 байкоочу камера, салондогу абаны тазалоочу фильтрлер орнотулган.

Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри менен алардын бирине түшүп көрдү.

Yutong компаниясы 50 жылдан бери автобустарды чыгарат жана КЭР рыногун 32 пайздан ашуун, ал эми дүйнөлүк рынокту 15 пайыздан ашуун өндүрүш көлөмү менен камсыздайт.

Бул компаниянын автобустары Улуу Британия, БАЭ, Катар, Россия, Филиппин, Африка, Кубага жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты