​Ош—түрк дүйнөсүнүн маданий борбору

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 20-апрелде, Ош шаарында “Ош—түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу иш-чаранын алкагында түрк дүйнөсүнүн этно-фестивалы өтүп жатат.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Ал иш-чарага вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, чет өлкөлөрдөн келген меймандар, элчилер, туристтер жана жергиликтүү калк катышууда.

«Жаштар багында» Ош шаарынын мэринин атынан даярдалган сүмөлөк ачуу аземи болду.

Борбордук стадиондогу салтанаттын ачылышынын алдында меймандар жана шаар калкы сүмөлөктөн даам татышты.

Ош областынын жана Ош шаарынын башчылары ардактуу делегациялардын башчылары менен жолугушууларды өткөрөт.

Шаардын борбордук аянтында, Токтогул.Сатылганов атындагы эс алуу багынан тартып «Ош нуру» мейманканасына чейин «Түрк дүйнөсүнүн этномаданий фестивалы» башталды.

Майрамдык аянтта «Элдик каада-салттар», «Этно музыка», «Этно мода», Кол өнөрчүлөр», «Улуттук тамак-аштар», «Көл өнөрчүлөр жарманкеси», «Акындар айтышы», «Айыл чарба жарманкеси» өтүүдө..
Ош шаарында кыргыз-түрк клиникасынын расмий ачылуу аземи өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты