​Кыргызстанга Франциянын ТИМ мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан келет

  • 5 лет мурун

Эртең, 19-апрелде, Кыргызстанга Франциянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан жумушчу сапар менен келет.

Ал буга чейин Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстанда болуп, эми Борбор Азия сапарын жыйынтыктайт.

Жан-Батист Лемуан Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, социалдык-экономикалык ж.б. кызматташуу маселесин талкуулайт.

Борбор Азиядагы франциялык илим изилдөө институтунун ачылышына ж.б. иш-чараларга катышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты