​Дача Су авиакырсыгы боюнча кылмыш иши жанданат

  • 5 лет мурун

Дача СУ авика кырсыгы боюнч кылмыш иши жанданарын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде баш прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Дача СУда кулаган учактын ичиндеги жүктүн кимге таандык болгону тууралуу суроо узатты.

Баш прокурор Жамшитов тергөө иши жыйынтыкталгандан кийин маалымат берилээрин, азыр тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Баш прокуратуранын басма сөз кызматы кошумчалагандай, 2017-жылы козголгон тергөө иши токтоп калганын жана учурда кайра жанданганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 16-январында “Манас” аэропортуна жакын жерде, Дача СУ айылында “Боинг” учагы кулап, анда 39 киши каза болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты