​“Вечерний Бишкек” боюнча Александр Кимге козголгон иш токтотулду

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту «Вечерний Бишкектин» мурдагы кожоюну Александр Кимге козголгон кылмыш ишти токтотуу чечимин кабыл алды.

Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцовдун айтымында, адвокаттар Кимге карата Жазык кодексинин «Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыз экенин белгилеп арыз жазышкан.

Анын негизинде Свердлов соту адвокаттардын өтүнүчүн канааттандарды.

2018-жылы Биринчи май райондук соту Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жаза эки жылдык сыноо мөөнөтү менен коштолгон.

Мындай арыз менен Кимге каршы бир учурдагы өнөгү Александр Рябушкин кайрылган. Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген.

Анын арызы канааттандырылып, алгач «Рубикон» жарнамалык фирмасы, андан соң «Вечерний Бишкек» басма үйү толугу менен Александр Рябушкинге өткөн. Бирок былтыр жыл аягында Александр Ким Рябушкиндин үстүнөн арыз жазып, эки кылмыш иши козголду. Бул иштердин алкагында Рябушкин камакка алынган.

Ошондон кийин ага чейин сот чечими боюнча Рябушкинге өткөрүлгөн «Вечерний Бишкек» басма үйүнө караштуу «Рубикон» жарнамалык фирмасынын үлүштөрү кайра Александр Кимге берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты