CABAR.asia: Кыргызстандагы лютерандардын жашоосу
- 6 лет мурун
- Баяндар
Лютеранчылык — протестантизмде пайда болгон алгачкы агымдардын бири. Беш кылымга жакын тарыхка ээ экендигине карабастан, бул агым – Кыргызстандын кадимки жашоочулары үчүн христиан дининин эӊ эле белгисиз конфессияларынын бири болуп эсептелет.
Бул макала алгач CABAR.asia аналитикалык порталында жарыяланган. Автор: Эркина Асанбаева
Кыргыз лютерандарынын ѳзѳгүн экинчи дүйнѳлүк согуш учурунда депортацияланган немецтер түзгѳн. Кыргызстанда алгачкы евангелисттик лютерандардын коомдору 1999-жылы пайда болгон. Бүгүнкү күндѳ ѳлкѳдѳ 15 чакты лютерандык чиркѳѳ бар. Алардын бири – Бишкектин четинде жайгашкан «Конкордия» чиркѳѳсү. Аталган жай 2003-жылы Кыргызстанда расмий түрдѳ түзүлүп, каттоодон ѳткѳн биринчи чиркѳѳ болуп саналат.
Лютерандык чиркѳѳнү 15 жыл ички иштер органында кызмат ѳтѳп кеткен епископ Кенжебек Ботобаев жетектейт:
«Биринчи светтик билим алдым. Алгач «Финансы жана кредит» адистиги боюнча Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүрдүм. Андан кийин Бишкек шаарындагы Диний семинарияга тапшырып, 2007-жылы пастордун наамына, ал эми 2009-жылы епископтун наамына ээ болдум. Мына ошондон бери Чиркѳѳгѳ кызмат кыла баштадым».
Бишкектеги чиркѳѳдѳн башка, Чүй областы боюнча Кара-Балта, Панфиловка, Петровка жана Кеминде филиалдар бар. Бирок ал жерлерге кѳп болсо 10-15 киши келет.
Ысык-Кѳл областынын Ак-Суу районунда дагы чакан чиркѳѳ бар болчу. Тилекке каршы, киши кирбегендиктен, жабылып калган.
Жѳнѳкѳй эсеп менен Кыргызстан боюнча 600гѳ жакын лютеран бар. Шаардык чиркѳѳдѳ Рождество жана Пасха майрамдарына байланыштуу кызмат кылуу учурунда зал толуп калат, ал эми кадимки жекшемби күндѳрү 25ке чейин коом мүчѳсү келет. Ибадаткананын эшиги улуту жана динине карабастан, бардык каалоочулар үчүн ар дайым ачык.
«Биздин чиркѳѳгѳ үзгүлтүксүз келип тургандар менен бирге эле, бул жерге келүүдѳн корккондор да бар. Анын ордуна бирге сыйынуу үчүн бизди үйүнѳ чакырышат.
Башында Кыргызстанда 220 миӊге жакын лютеран болгон. Азыр болсо так саны белгисиз. Советтер Союзу кулагандан кийин, Германия этникалык немецтер үчүн чек арасын ачкан. Кыргызстандан кеткен этникалык немецтердин саны эки жүз миӊге жакын болгон», — дейт Ботобаев.
Осмон Качкынчиев 51 жашта. Лютеранчылыкты 15 жыл мурун Чүй областынын Кемин шаарчасындагы Евангелисттик-лютерандык чиркѳѳнүн пастору болуп турган учурда кабыл алган:
— Лютеранчылык тууралуу биринчи жолу АКШдан Кыргызстанга келген пасторлордон уктум. Алгач жѳн гана кызыгуу пайда болду. Библияны колума алып, китепте жазылгандардын баарын үйрѳнѳ баштадым. Кийинчерээк билимимди чиркѳѳдѳ уланттым.
Жети жылдык диний билим алып, чиркѳѳнүн пастору наамына ээ болдум. Мени Кудай ѳзү бул жолго салды деп эсептейм.
Кеминде жалпы лютерандардын саны 10 чакты кишини түзѳт. Алардын ичинен экѳѳ кыргыз, бирѳѳ – түрк улутундагы аял. Кѳбүнчѳсү улгайып калган адамдар. Мурун алардын саны кѳп болчу, кээ бирлери борборго кѳчүп келип жашап калса, кээ бирлери кѳз жумган.
Туугандарым менин чечимимди жайбаракат кабыл алышты. Албетте, башында пикир келишпестиктер болбой койгон жок. Себеби, атам менен иним ар башка мечиттин имамдары. Менин чечимим алар үчүн нонсенс болду. Бирок, убакыт ѳткѳн соӊ, «Адамга динине эмес, жүрүш-турушу менен жакшы жоруктарына карай баа берилиши керек» деген сѳздѳр менен алардын колдоосуна ээ боло алдым.
Ислам дини менен лютеранчылыктын ортосунда принциптүү айырмачылыктар же карама-каршылыктар жок. Дин жѳнүндѳ окуу – ѳтѳ кылдат нерсе. Биз Куранда да, Библияда да орун алган ыйык жазууларды сактайбыз. Ошентсе да, кээ бир адамдар муну түшүнүшпѳйт.
Туугандарымды мусулман салттары менен жерге бердим, ошол эле учурда чиркѳѳ кызматкери катары жаназа окудум. Жерге кѳмүү процесси тууралуу айта турган болсок, мурун пикир келишпестиктер болчу. Жергиликтүү калк мусулмандардын кѳрүстѳнүнѳ кѳмүүгѳ каршы чыкчу. Бирок, кудайга шүгүр, чоӊ чыр-чатакка чейин жеткен жок.
Ошентсе да, жагымсыз окуяларга жол бербѳѳ максатында, кѳрүстѳндѳн ар бир конфессия үчүн ѳзүнчѳ жер бѳлүнүп берилиши тууралуу маселени кѳп кѳтѳрѳбүз.
«Бизди динибизди танып кеткендигибиз үчүн айыпташкан»
Чиркѳѳнүн жетекчиси Кенжебек Ботобаевдин айтуусуна караганда, коомдор пайда болгон учурдан тартып эле жергиликтүү калк менен ынтымакташып жашоо абдан эле кыйын болгон:
— Куугунтукташкан, кастык кылышкан. Ысык-Ата айылына барып калганыбызда, жергиликтүү жашоочулардан турган 100гѳ жакын киши топтолуп, бизди ѳлтүрүп кое жаздаган. Кийинчерээк алар прокуратурага арыз жазып, бир нече жолу сурак бергени бардык. Бирок, биз дагы, укук коргоо органдары дагы мунун себебин түшүнѳ алган жокпуз.
Ѳзүм тууралуу айта турган болсом, лютеранчылыкка жубайымдын артынан жана бул жерге миссионер катары келген Тимоти Никл, Боб Файел аттуу мурунку пасторлордун сыйынууларынын натыйжасында келип калдым.
Албетте, биринчи күндѳрү лютеранчылык жѳнүндѳ уккум да келчү эмес. Эшиктин алдынан чиркѳѳгѳ чакырып келген пасторлорду кубалап, ал тургай алардын артынан таш ыргыткан учурлар да болгон. Бирок, ѳзүмдү тигил же бул динге тийиштүүмүн деп эсептечү эмесмин. Мечитке барып, намаз окубасам да, чиркѳѳгѳ баруу тууралуу ой мен үчүн жийиркеничтүү эле.
Бирок, акырындап отуруп, пасторлордун сыйынуулары менен берген маалыматтарынын натыйжасында лютеранчылыкка кирип, чиркѳѳгѳ келе баштадым. Бул жарыкта кѳп деле жакшы иш жасабагандыгымды, күнѳѳлѳрүм үчүн кечирим сураганга убакыт келгенин түшүндүм. Бул мен үчүн абдан оор болду. Ошондой эле, жакындарыбыз, жолдошторубуз, бүтүндѳй коом бизден тескери бурулуп калгандыгын кабылдоо кыйынга турду.
Артыбыздан дайыма айтылган ушак-айым биз үчүн кѳнүмүш болуп калды. Алты жыл бою туугандарыбыз менен катышкан жокпуз. Алар мени ѳз дининин саткыны деп эсептешкен. Алардын ою боюнча, улутум кыргыз болгондуктан, диним ислам болушу керек эле. Бирок, улут жана дин – эки башка нерсе. Мен бардык каада-салт, ырым-жырымдарды сактайм. Ошол эле учурда Кудайга ишенип, чиркѳѳгѳ барам. Адамдарга муну түшүндүрүш абдан эле оор.
Оӊой менен үйдѳн чыга алчу эмеспиз. Кысым кѳрсѳтүүлѳрдѳн улам, балдарыбыз мектепке бара алчу эмес. Мамлекеттик чогулуштарда динин танды деп айыпташчу. Кээ бир учурларды эске албаганда, азыр мамиле кыйла жакшырды. Мында Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин салымы зор. Эки жылдан бери чогулуп, топтолуп калган маселелерди бирге талкуулайбыз.
«Пасторлорго абдан күчтүү талаптар коюлат»
Ибадатканада чиркѳѳ литургиясы эки тилде — кыргыз жана орус тилдеринде ѳтѳт. Орус тилдүү коом мүчѳлѳрүн пастор Мансур Курманбакеев кабыл алат:
— Мен Новосибирск шаарында тѳрѳлгѳм. Ыраматылык атам аскер инженери болуп иштегендиктен, Кыргызстандагы ЭВМ заводуна жиберишкен. Батир беришип, бул жерде жашап калдык. Мен политехникалык университетти бүтүрдүм. Бир эле жылдын ичинде атаман да, энемен да айрылып калдым.
Кыйын учурда жанымда немец улутундагы досум бар эле. Абалымды кѳрүп, мени лютерандык чиркѳѳгѳ алып барды. Ошондон тартып, жергиликтүү пасторго жардам бере баштадым. Белгилүү бир убакыттан кийин ал мени Новосибирск шаарына жиберип, жогорку диний билим алуумду сунуштады. Ал жерден беш жыл окуп, кайра Кыргызстанга келдим. 13 жылдан бери пастор катары кызмат кылып келе жатам.
Айтмакчы, пасторлорго абдан күчтүү талаптар коюлат. Мындан тышкары, жогорку диний билим менен катар эле, жашоо тажрыйбасына да ээ болушуӊ керек. Үй-бүлѳлүү жана жок дегенде бир баланын атасы болушуӊ зарыл. Мага түрдүү курактагы кишилер ички сырларын айтып, сыйынуу үчүн келгендиктен, аларга эмне деп айтышты, эмне жѳнүндѳ сүйлѳшүүнү билишим керек. Тил билүү дагы милдеттүү шарт болуп саналат. Биз Эски осуяттын байыркы еврей тилинде жазылган түпнускасын окуйбуз. Жаӊы осуяттын түпнускасы болсо, байыркы грек тилинде жазылган. Тилди билүү кишилерге татаал жазууларды түшүндүрүп берүүгѳ жардам берет.
Жакында бардык лютерандык чиркѳѳлѳрдѳ пасхага байланыштуу Кудайга кызмат кылуулар башталат. Лютерандык пасханын каада-салттары католиктер менен православдардын жѳрѳлгѳлѳрүнѳ кѳп жагынан окшош. Тек гана күндѳрү ар башка: лютерандар пасханы юлиан календары боюнча 21-апрелде майрамдаса, православдарда 2019-жылдын Христос Жекшембиси 28-апрелге туура келет. Башкача айтканда, майрам күндѳрүндѳгү айырмачылык бир аптаны түзѳт. Бирок, бул убакыт бир жарым айга чейин созулган учурлар да болот. Негизинен, бардык учурда алгач католиктердин пасхасы, андан кийин православдардын пасхасы майрамдалат.
Учурда дин жолундагы лютерандар 40 күндүк орозо кармап жатышат. Бул мезгил күнѳѳлѳрү үчүн кечирим суроо, ой жүгүртүү жана сыйынууга арналган мезгил.
Сүрөттөр CABAR.asia’га таандык.