Аймакта катталган унааны Бишкекте туруп кантип кайра каттаса болот?
- 6 лет мурун
- Баяндар
“Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, айып пулдар унаа ээлерине жөнөтүлө баштаганына байланыштуу, унааны ишеним кат менен айдап жүргөндөр аны кайра каттоодон өткөрүүсү шарт.
Анткени айып пул салынганы тууралуу маалымдама унаанын каттоодогу ээсине барат. Ал эми акыркы жылдары көпчүлүк унаалар ишеним каттын негизинде эле сатып алынып-сатылып келген.
Жакында унаасын кайра каттоодон өткөргөн окурманыбыз Акылбек Өмүрбеков аталган процесс жөнүндө айтып берди.
Унааны каттоодон өткөрүү үчүн жалпысынан 3452 сом кетти
—Автоунаамды кайра каттоодон өткөрүү үчүн алгач унаамдын ээси менен Бишкектеги Чолпон-Ата, 2 көчөсүндөгү Мамлекеттик каттоо кызматына эртең менен саат 8ге бардык. Ал жактан машинанын капотун ачып, кузовду текшертип алып, унаанын күбөлүгү (тех. паспорт) менен чогуу номуру көрсөтүлгөн терезеге өткөрүп берет экен.
Ал жактан мөөр басылган соң, унаанын кузовундагы сандар менен күбөлүктөгү сандардын дал келгендигин тастыктаган кагазды алат экенсиң.
Аны алып, каттоону кабыл алган жеринен сурасак, аймакта кайра каттоодон өткөрүүгө болбой турганын айтышты.
Сураштырып, авторыноктун жанында башка аймактарды кайра каттоодон өткөргөн каттоо кызматы бар экенин билдик. Менин дарегим Ысык-Көлгө катталган болчу.
Унаанын мурдагы ээсин ээрчитип алып, ошол жакка барып, кезекке туруп, кайра каттоо үчүн терезеге барсак, “Машинан ээси Сокулукка унааны каттатып койгон экен, ошол жактан каттоодон чыгарып келгиле, биз каттаба йбыз” деп койду.
Андан кийин Сокулуктун мамлекеттик каттоо кызматына бардык.
Ал жакта “Бишкектен машинанын кузовун текшерген кагаз жараксыз, өзүбүздөн текшерүүдөн өтүшүңөр керек” деп кайра кезекке туруп, кузовдун номерин текшерттик. Андан соң ичине кирип, кезекте 30 мүнөттөй турдук.
Айып пул төлөнмөйүнчө, кайра каттоодон өтүүгө болбойт
—Ошондой эле унаага жазылган айып пулдарды текшерди. Эгерде айып пул жазылган болсо, аны төлөмөйүнчө кайра каттоодон өткөрбөйт экен. Менде айып пул жок болгондуктан кагазды дароо эле беришти. Каттоодон чыгарганы үчүн 450 сом төлөдүм.
Анан ал кагазды №6 терезеге алып барып, күтөт экенсиң. Мен саат 10 до бергем, 11:56 да берди. Сокулуктан каттоодон чыгарып алып, унаа базарындагы Мамлкекттик катоо кызматынакелип, жаңы күбөлүк жана жаңы номер алдым. Ал үчүн 2002 сом төлөдүм.
Ал эми унаанын ээси келип бергени үчүн деп 500 сом, күйүүчү майы үчүн деп 500 сом бердим. Ошентип, жалпысынан 3452 сом кетти.
Акча берсең батыраак бүтөт
—Анан сенин бир кагазың бир канча кишилердин компьютердик базасынан жана мөөрүнөн өтөт экен. Менин байкашымча кээ бир тааныштар жана акча бергендердин кагаздарын өйдө жагына коюп, кезектен сырткары тез бүтүрүп жатышты.
Сокулуктун каттоо кызматында жана Унаа базардын жанындагы каттоо кызматындагылар, акча бергендердикин же таанышынын каттоосун өздөрү эле бүтүрүп коюшат экен.
Ошондой эле, жакшыраак номерлерди тандап алганга дагы акча керек. Мисалы, менден атайын акча сурашкан жок. Бирок бергендерден баш тартышпайт экен.
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы унаа мамалекеттик мекемесинин башкы адиси Усеин Касмалиев унааны ишеним кат менен сатуу көптөгөн көйгөйлөргө алып келээрин айтып берди:
Ишеним кат үч жылдан көп убакытка берилбейт
Жарандык кодекске ылайык,ишеним кат чыгаруу укугу менен үч жылдан көп убакытка берилбейт. Эгерде унаа ээси чыгаруу укугу менен ишеним катты берген болсо, аны алган жаран бир гана жолу чыгаруу укугу менен ишеним катты бере алат. Ал эми үчүнчү жаран ишеним катты бере албайт.
Демек, унаа эң көп эки гана кишиден ишеним кат аркылуу сатыла алат:
“Ал эми МКК жарандык кызмат болгондуктан, башка бирөөнүн унаасын алып башка бирөөгө каттап кое албайбыз. Унаанын ээси келип, алып-сатуу боюнча келишимге кол койгондо гана кайра каттоого болот. Эгерде ишеним каттын мөөнөтү өтө элек болсо, анда чыныгы ээси жок эле, ишеним каттын негизинде эле кайра каттоодон өткөрө берсе болот”, — дейт адис
Ишеним кат менен унааны сатпай эле койгон жакшы
Ишеним каттын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, номерин калыбына келтире албайт, унаанын күбөлүгүн (техпаспорт) жоготуп алса, аны дагы калыбына келтире албайт, эгерде унаанын ээси каза болуп калса, ишеним кат жараксыз болуп калат, унааны кайра каттоодон өткөрө албай калат:
“Ошондуктан, мүмкүн болушунча, ишеним кат менен андай келишимдерди жүргүзбөй эле койгон жакшы”, — деген ойдо Усеин Касмалиев.
Унаанын биринчи ээси табылбай жатса эмне кылуу керек?
Унаа адегенде бир кишиге сатылып, сатып алганы дагы бир кишиге сатып, бирок эки учурда тең баштапкы ээси кала берип,унаанын документтеги анык ээсин таппай калышат. Бул учурда алар мамлекеттик каттоо кызматына кайрылышат.
Ушундай кайрылуулар көп болгондуктан, атайын портал ачылганын башкы адис билдирди:
“Ошондой кайрылуулар көп болгондуктан, portal.srs.kg деген порталыбызда “Транспорт”деген рубрикада өзүнчө рубрика ачып койдук. Машинасын сатып, азыр таппай жүргөн жарандар өздөрүнүн маалыматын калтырышса болот, ошондой эле унаанын чыныгы ээсин издеп жүргөндөр дагы өздөрүнүн маалыматын калтырышса болот.
Ошол аркылуу бири-бирин таап алышып, транспорт каражатын кайра каттоодон өткөрө алышат”, — дейт башкы Усеин Касмалиев.
Эгерде жаран Бишкекте болсо, бирок, башка облуста же аймакта каттоодо турган болсо, каалаган жеринен каттоодон чыгарып, кайра каттоодон өткөрө алат. Мисалы, жарандын унаасы Нарында каттоого алынган, өзүнүн дареги Ошко катталып, бирок Бишкекте жашап жүргөн болсо, унаа базарында аймактар аралык мамлекеттик каттоо кызматына кайрылышы керек. Ал жактан Нарындан каттоодон чыгарып, Ошко каттатып, Оштун номурун бере алышат. Башкача, айтканда Нарынга дагы, Ошко дагы барбай эле Бишкекте бүтүрүүгө болорун адис тастыктады:
“Кайра каттоо боюнча эрежелерге ылайык, акыркы киргизилген өзгөрүүлөрдүн негизинде унаага айып пул жазылган болсо, аны төлөмөйүнчө кайра каттоону жүргүзүү мүмкүн болбой калды”, -дейт башкы адис.
Кайра каттоо үчүн керектелүүчү документтер:
- Кайра катталуучу унаа;
- Унаанын ээси паспорту менен келиши керек;
- Сатып алууга жаран паспорту менен келиши керек;
- Ишеним кат болсо, андагы киши паспорту менен келиши керек;
- Унаанын каттоо күбөлүгү керек;
- Эгерде ишеним кат болсо, ал дагы керек.
Ырысбү Кыдычбек кызы