Баткен-Исфана аба каттамы ишке ашырылды
- 5 жыл мурун
Бүгүн, 16-мартта, Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Баткен-Исфана-Баткен убактылуу аба каттамын уюштуруу тууралуу тийиштүү чечими кабыл алынган.
Каттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы менен 83 адам учкан.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.
Муну бөлүшүү