​Тажикстанда «Гугл» компаниясына салык салуу сунушталууда

  • 5 лет мурун

Тажикстанда жарандарга электрондук кызматтарды көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар үчүн салык киргизүү сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоорун өлкөнүн Каржы министрлиги иштеп чыкты.

Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, Тажикстандын аймагында электрондук маалымат саткан чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде «Гугл» компаниясы салык органдарына отчет тапшырып, кошумча нарк салыгын төлөп турушу керек.

Тажикстандын Салык комитетинин төрагасы Завкибек Шодиёндун айтымында, учурда мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр менен макулдашылууда жана жакында өкмөттүн кароосуна чыгарылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты