Карамат Орозова: «​Бийликте аялдар неге аз?»

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова саясий бийликке аялдарды тартуунун төмөн болуп жаткандыгын, коом аялдарды жооптуу мамлекеттик кызматка тартпай жатканын сындады.

Орозованын айтымында, өлкөбүз азыркыдай кыйын кырдаалда аялдардын колдоосуна муктаж.

Аялдар аткаруу бийлигине тартылбай жатат. Өлкөдө 7 облус болсо, губернаторлор арасында бир да губернатор аял жок.

Өлкөдө райондордун биринде да аким аялдар жок.

453 айыл өкмөтү болсо, бир да айыл өкмөт аял жок.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 15 % гана аялдар.

Жергиликтүү депутаттардын 10 % гана аялдар.

Конституцияда аялдар менен эркектердин теңчилиги тууралуу айтылган,

Демек, Жогорку Кеңеште да 30 % дык квотаны эмес, 50:50 катышын сактоону талап кылабыз деп билдирди депутат Карамат Орозова.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты