​Киши өлтүрүп качкан жаран Тажикстандан алынып келинди

  • 5 лет мурун

Машинасын алам деп өзүн кошо өлтүрүп, Тажикстанга качкан жаран алынып келди.

Бул тууралуу Баш прокуратура билдирди.

Баш прокуратура Кыргызстандын А. аттуу жаранын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Тажикстан баш прокуратурасына кайрылган.

4-мартта ал Дүйшөмбү шаарынын алынып келинип, Бишкектеги убактылуу камоочу жайга камалды.

Иликтөөдө белгилүү болгондой, А. аттуу жаран 2018-жылдын 21-октябрында Жайыл районунун Сосновка айылынын тургуну менен Таласка жөнөгөн.

Бакай-Ата районуна жеткенде машинанын ээсин муунтуп өлтүрүп, сөөгүн сууга ыргытып жиберген.

Андан кийин Тажикстанга качып кеткен. 2018-жылдын декабрь айында ал жактан кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты