​Мамлекет Туусу кылымдар бою желбирей берсин!

  • 5 лет мурун

Кыргызстан кечээ Туу күнүн белгиледи.

Мамлекет башчы куттуктоосунда Туунун терен маанисин белгиледи

“Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат.

Биздин башкы максатыбыз – Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү.

Эгемендүү мамлекетибиздин туусу элибизди ынтымакка, биримдикке жана жаратмандыкка чакырып, ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берсин!” деди мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты