​​Бишкекте жаңы футболдук стадион куруу боюнча инвесторлор менен жолугушуулар өттү

  • 5 лет мурун

Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов 1-мартта борбор калаада жаңы стадион курууга кызыкдар болгон инвесторлор менен жолугуп, сүйлөштү.

Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, инвесторлор мамлекет менен түзүлүүчү келишимдин шарттарына кызыгышты. Алар бажы жана салык төлөмдөрүнөн берилүүчү жеңилдиктер, стадион курулуучу жер тилкеси жана башка суроо-талаптары тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине Бишкекке курулуучу көп функционалдуу стадиондун эки долбоору тааныштырылды.

Мурдараак социалдык тармактарда Рахатбек Байтелиев жана Кубанычбек Якутбеков көп функционалдуу стадиондун долбоорун жарыялашкан.

Мамлекеттик агенттик Бишкек шаарына Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына жооп берген, заманбап стадион курууга катышууну каалаган инвесторлорду чакырып, бул үчүн 25-февралга чейин мөөнөт берген. Азырынча сүйлөшүүгө канча инвестор катышканы тууралуу так маалымат берилген жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты