​Кубанычбек Кадыров: “Түрмөдөгү ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик”

Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолуп, абактан чыккан саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Анда саясатчылар Алмазбек Атамбаев үчүн түрмөдө орун бошотуп келишкенин билдирди.

Кубанычбек Кадыров Атамбаевге “кылмыштуу топ түзүп, мамлекетти тоноп жатасың” деп ачык айтып келгенбиз деп айтты:

​Кубанычбек Кадыров: “Түрмөдөгү ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик”

“Эмне үчүн Алмазбек Атамбевге камакта орун бошотуп келдик деп жатабыз? Анткени буга чейин эле Атамбаевдин өзүнө, “Кылмыштуу топ түзүп, элди тоноп, коррупциялык иштерди жүргүзүп жатасың” деп 2013 – жылдан бери Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков үчөөбүз айтып келгенбиз.

Мына ошонун баары чын болуп чыкты. Атамбаев коррупциянын башында өзү туруп, коррупциялык мамлекетке айлантты.

Болот Сүйүнбаев, Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Улан Исраилов болуп мамлекетти менчигиндей эле башкарышты. Мындайга келечекте жол бербейбиз. Ушул командасы менен Атамбаевдин орду түрмөдө”, — деп билдирди Кадыров.

Ал эми Бектур Асанов камакка чейин, камакта отурганда саясатта болушканын жана мындан ары дагы саясатта болушарын билдирди:

​Кубанычбек Кадыров: “Түрмөдөгү ордубузду Атамбаевге бошотуп бердик”

“Биз түрмөгө отурганга чейин, түрмөдө да саясатта болгонбуз, мындан ары да саясатта болобуз. Түрмө бизди кайра чыйралтты. Саясаттан бизди эч ким кетире албайт.

Мамлекеттин, демократиянын, адам укуктарынын кызыкчылыгы үчүн саясатта кала беребиз. Ошондой эле шайлоого катышабыз. Эгерде шайлоого чейин реабилитация боло албасак , кайсы бир саясатчыларды колдоп, кыйыр түрүндө катышабыз”, — деп билдирди Асанов.

“Сооронбай Жээнбеков коррупция менен жалгыз күрөшүп жатат”

Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров учурдагы бийликтин абалына токтолуп, коррупция менен президент Сооронбай Жээнбеков жалгыз күрөшүп жатканын билдиришти:

“Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбевдин доору алдамчылык менен уурулуктун доору болду.

Ал эми жаны бийлик, Сооронбай Жээнбеков жаны доорду башташы керек. Биздин оюбузча кадамдар жакшы. Ушундай кадамдарды Бакиевден, Атамбаевден кткөнбүз.

Тилекке каршы. Алар коррупция менен күрөшүүнүн ордуна, ана башында турушту. Атамбаевдин айынан бүгүн ар бир кыргызстандык 700 доллардан карыз болуп отурат. Тышкы карызыбыз өстү. Бүгүнкү күндө, кандай болсо дагы корупция менен күрөш жүрүп жатат . Алдыга жылыштар бар. Албетте, кемчиликтер да бар. Болгону Сооронбай Жээнбеков жалгыз күрөшүп жатат”, — дешти саясатчылар.

Ошондой алар мыйзамсыз соттолгонун жана мыйзамсыз чечим чыгарган соттор, тергөө жүргүзгөндөр, жоопкерчиликке тартылып, мыйзам алдында жооп берүүсү үчүн аракет кылышаарын Бектур Асанов кошумчалады:

“Бизди мыйзамсыз соттогондор, тергөө жүргүзгөндөрдүн баары мыйзам алдында жооп береши керек. Биз ал үчүн аракет кылабыз. Анткени мыйзамды бузгандар мыйзам алдында жооп береши керек”, — деди Бектур Асанов.

«Бийликти басып алууга аракеттенген» деп соттолгон Кадыров менен Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарыларын

Жогорку сот 12-февралда билдирген. Ишти кароону адвокаттары суранышкан эле.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында «бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган.

Иш райондук, шаардык соттордо каралып, 12-20 жылга чейин камалышкан. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөтү кыскартылган.

Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Карыбековдун эркиндикке чыгар-чыкпасы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөт: автор тарткан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты