​​Google, Facebook жана Twitter убадаларын аткарбаганы үчүн сындалды

  • 5 лет мурун

Google, Facebook, Twitter такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча убадасын аткарбай жатат

Бул тууралуу Еврокомиссиянын 28-февралдагы билдирүүсүндө айтылат.

Google издөө кызматы жана Facebook менен Twitter социалдык түйүндөрү такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча убадаларын аткарбай жатышат.

Мекеменин ырасташынча, Facebook макулдашууларга карабастан, жаңылтууга алып келген жарнамалар боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн эмес.

Google жалган маалыматтардан арылуу үчүн кандай иш жасалганын түшүндүргөн жок. Twitter жарнамаларды жайгаштырууну көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча жыйынтыктарды берген эмес.

Билдирүүдө Европарламенттеги шайлоонун алдында компанияларда эч кандай жылыш байкалбай жатканы айтылган.

2018-жылы күзүндө Евробиримдик такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча Facebook, Twitter жана Google менен ыктыярдуу регламент түзгөн. Документте саясий рекламаларга атайын белги коюу, туура эмес маалыматтарды тараткан интернет-ботторго каршы күрөшү каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты