Американын Чикаго шаарында IT компаниялардын биринде «Sr.DevOps Engineer» болуп эмгектенген Айдана Өмүрбаева

.

Американын Чикаго шаарында IT компаниялардын биринде «Sr.DevOps Engineer» болуп эмгектенген Айдана Өмүрбаева

• Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун энеси;

• Relativity e-Discovery Software (relativity.com) компаниясында Sr. DevOps инженери болуп эмгектенет;

• Мурас IT Клубунун (muras.club) директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири;

• We All Code (weallcode.org) компаниясында ментор жана волонтёр;

• Kyrgyz IT форумунун уюштуруучуларынын бири;

• Women In Tech долбоорунун спикери;

• Kyrgyz Women in Tech Breakfast жана онлайн вебинарларынын уюштуруучусу;

• General Assembly (generalassemb.ly) панелинин спикерлер мүчөсү;

• 2020 — Women of the Workplace (WoW) сынагынын жеңүүчүсү;

• American Cancer Society (cancer.org) ResearcHERS долбоорунун амбассадору.

Эки баланын татыктуу апасы 27 жаштагы Айдана Өмүрбаева Американын Чикаго шаарында «Relativity Software» компаниясында «Sr.DevOps Engineer» болуп эмгектенет. Кыргызстанда IT тармагын жаштарга, кыз-келиндерге өздөштүрүүгө салымын кошкусу келген Айдананын баяны.

Айдана өзүнүн ишинен тышкары Кыргызстандагы жаштардын өнүгүүсүнө салымын кошуп, IT тармагын кыз-келиндерге болгон шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилинде жарыялап турууну колго алган.

«Өзүмдү IT тармагында сынагым келди»

— Бишкек шаарындагы орто мектептердин бирин аяктап, андан соң Кыргыз Улуттук университетинин экономика адистиги боюнча бүтүргөм. Экинчи кесибим — программист. Ал боюнча Америкада IT тармагында окуп, ошондон ары карьерамды алып кеттим. IT тармагына кызыгуума жолдошум Бакыт себепчи болгон. Анын салымы чоң. Бакыт ушул тармакта окуп, иштей баштаганда «мен да иштесем болот го» деп ойлогом. Анан мага дем-күч берип, кызыгуумду күчөттү. Ал кезде экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөнбүз. Көптөгөн конференцияларга барып жүрүп, ушул тармакта өзүмдү сынап көргүм келди. Өзүмө жаккан IT курсун тандап, бир жылдай окудум. Андан сырткары онлайн окутууларга катышып жүрүп, сертификаттарды алдым. Азыр Чикаго шаарында өзүмө ыӊгайлуу келген компанияда иштеп жатам.

«Жолдошум экөөбүз Америкадан баш коштук»

— Беш-алты жылдан бери жолдошум экөөбүз IT тармагында иштейбиз. Бакыт экөөбүз Чикаго шаарынан баш кошконбуз. Эки баламды теӊ Америкада төрөдүм. Балдарыбыздын тили кыргызча чыкса экен деп бала-бакчага бербей, өзүбүз үйдөн тарбияладык. Жолдошум экөөбүз бири-бирибиздин ишибизге көмөк көрсөтүп жаттык. Эки баламды тең толгоом келип, төрөт үйүнө кеткенге чейин жумушта иштеп жүрдүм. Бул жакта Кыргызстандагыдай кош бойлуулуктун 7-айында декреттик өргүүгө кетүү деген жок. Көз жаргандан кийин компания 3 айлык декреттик өргүүгө жиберип, ал убактагы маянамды толук төлөп беришти. Декреттик өргүүм аяктаган соӊ менеджеримден суранып, 3 ай үйдө отуруп иштедим. Кош бойлуу кезимде да компания, кесиптештерим тараптан жакшы шарттар, жакшы мамилелер болуп жатты.

«Кыргызстандык жаштарга тажрыйбам менен бөлүшүп турам»

— Жумушумдан сырткары социалдык тармактарда IT тармагындагы өзүмдүн тажрыйбам менен Кыргызстандык жаштарга, кыз-келиндерге бөлүшүп турам. Учурда интернет булактары аябай өнүккөн, эмнени болсо да таап алса болот. Бирок маалыматтардын баары орус жана англис тилдеринде. Кыргыз тилинде талап болуп жаткан маалыматтар жок экен. Ошол себептен IT тармагындагы кыз-келиндерге болгон шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү социалдык тармактар аркылуу эне тилибизде жарыялап турам. Менин блогдорумдун максаты – өлкөбүздөгү, анын ичинде айыл жергесиндеги кыз-келиндерге жана айыл жергесинен окууну аяктап, кайсы кесипке ээ болууну билбей жаткан жаштарга багыт көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстанда IT тармагы эркек балдарга эле ыңгайлуу дегендей ойлор калыптанып калган. Ошол ойлорду бузуп, өзүмдүн жумушумду мисал кылып, IT тармагы кыз-келиндерге да ыӊгайлуу, ар тармактуу, келечектүү, океан сыяктуу кенен тарап жаткан учурдун талабындагы кесип экенин түшүндүргүм келет.

«Мекендештер болуп «Мурас клуб» деген уюм түздүк»

— Бир жыл мурун Америкадагы мекендештер жолугуп, сүйлөшүп, «Мурас клуб» деген уюм түздүк. Бул уюмдун үч максаты бар: биринчиси — Америкадагы IT тармагында иштеген бүт кыргыз профессионалдарын чогултуп, өзүнчө ХАП түзүп, тааныбагандарды бири-бири менен тааныштырып, баарлашып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, маалымат алышуу; экинчиси — чогулган адамдардын идеяларын бириктирип жаӊы STARTUP ачуу; үчүнчү максат Кыргызстандагы ITнин маанилүүлүгүн көрсөтүү, билдирүү. Бул уюмда 7 адис, 200-300гө жакын мүчө бар. Алардын баары бири-бирине жардам берип турушат. Бул клуб пайда көрүү же бизнес кылуу үчүн эмес, кыргыз жаштарына туура багыт көрсөтүү үчүн ачылды.

«Жаштарга колдоо көрсөткүм келет»

— Кыргызстанда акылдуу, билимдүү, потенциалы кенен кыз-келиндер, жаштар көптүгүнө ишенем. Биз аларга колубуздан келишинче колдоо көрсөтүп, үйдө эле отурган, жумушунан сырткары бош болгон кыз-келиндерге вебинарларды уюштуруп, үйрөтүп, талантын коомго тартуулаганга аракет кылуубуз керек. Эки, үч баланын апасы, үйдө отурган кыргыздын ар бир кызы ушундай ийгиликтерди жарата аларын түшүндүрүшүбүз керек деп ойлойм. Убакыт коротуп, маалымат бөлүшүү азыркы кезде баа жеткис нерсе. Алыста болcом да өзүм билген маалыматтарды убактымды «жаштарга бөлүшүп турайын» деп социалдык тармактарга постторду жаза баштадым.

«Билим бул түгөнгүс байлык»

— Азыр интернеттин заманы болгондуктан андан бардык нерсени таап, окуса болот. Ар дайым изденүүн менен жүргөн адам гана ийгиликке жете алат. Сөзсүз түрдө эле билим алууда акча керек эмес деп айта алам. Билим алуу, көп каражат табуу, жакшы жашоо — мунун баарына жетүү үчун, адам өзүнө-өзү мотивация берип, аракет кылуусу керек. Каражаты көп адамдар деле акчасын башка жакка инвестиция кылып жатпайбы. Каражаты көп болсо да, аны бир гана билимге инвестиция кылышы керек. Билим бул түгөнгүс байлык алып келет деп айта алам. Үйдө отурган эки-үч балалуу энелер деле IT тармагын үй-бүлө менен бирдей алып кетсе болот деп айта алам.

Каарманыбыз IT тармагындагы пайдалуу маалыматтарды социалдык тармактарына бөлүшуп турат: инстаграм: @kg_usa, YouTube: Aidana Tech Talk.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты