​Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады.Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиub тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет бериши керек.

Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, 28-февралда юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады.

Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан жеwww.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты