Айдарбеков Сауд Арабияда Халид бин Салим Аль-Худейри менен жолугушту
- 6 лет мурун
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 26-февралда Сауд Арабиясында Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрага орун басары, аткаруучу директору Халид бин Салим Аль-Худейри менен жолугушту.
Анда өз ара кызматташуу маселеси талкууланды.
Атап айтсак, Х. Аль-Худэйри бир катар долбоорлор, анын ичинде Кыргызстандын саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, ирригациялык секторуна 30 млн АКШ долларын бөлүү боюнча долбоорлор жактырылганын билдирди.
Ошондой эле 2019-жылы Кыргыз Республикасына финансылык каражаттарды арбын бөлүү пландалып жатканы айтылды.
Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Муну бөлүшүү