Чыңгыз Айдарбеков эртең Сауд Арабиясына барат
- 6 лет мурун
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков эртең, 26-февралда, Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин чакыруусу боюнча Эр-Рияд шаарына расмий иш сапары менен барат.
Иш сапардын алкагында Сауд Арабия Падышалыгынын бир катар мекеме жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү пландалууда.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү