​Бабакуловдун машинасынан акча, документти ким уурдады?

  • 5 лет мурун

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери активист Аманбол Бабакуловдун машинасынан капчыгын жана документтерин уурдагандарды издеп жатат.

Милицияга арызында Бабакулов 23-февралдан 24-февралга караган түнү анын “Субару-Форестер” машинасынын арткы терезе айнегин сындырып, 12 миң сом акчасын, документтери бар папкасын уурдап кетишкендигин билдирген.

Активист бул окуяны ага берилген эскертүү деп баалады.

Сүоөт: Бабакуловдун фейсбук баракчасынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты