Визасыз 60 күн: Кайсы өлкөлөргө берилген?

Визасыз 60 күн: Кайсы өлкөлөргө берилген?

Жогорку Кеӊеш жыйынында бүгүн, 13-февралда, 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 өлкөнү кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуштаган.

Бирок депутаттардын демилгеси менен 60 күнгө визасыз катташуу мөөнөтү 2025-жылга чейин узартылды. Ошондой эле 55 өлкөнүн тизмесинен үчөө – Болгария, Румыния, Кипр алынып салынды.

Кайсы өлкө жарандары Кыргызстанга визасыз кире алышат?

КМШ мамлекеттери арасында:

  1. Азербайжан
  2. Армения
  3. Грузия
  4. Молдова
  5. Беларусь
  6. Казакстан
  7. Россия
  8. Тажикстан менен визасыз режим киргизилген.

СССРден мурас калган визасыз режим:

  1. Вьетнам
  2. КНДР
  3. Куба
  4. Лаос

Кыргызстан келишим түзгөн визасыз режим:

  1. Малайзия 30 күнгө чейин
  2. Түркия 60 күнгө чейин
  3. Украина 90 күнгө чейин
  4. Өзбекстан 60 күнгө чейин
  5. Монголия 90 күнгө чейин

60 күнгө чейин визасыз режим:

  1. Австралия
  2. Австрия
  3. Бельгия
  4. Босния жана Герцоговина
  5. Ватикан
  6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия
  7. Венгрия
  8. Германия
  9. Нидерланддар
  10. Грек Республикасы
  11. Дания
  12. Исландия
  13. Ирландия
  14. Испания
  15. Италия
  16. Канада
  17. Корея
  18. Кувейт
  19. Латвия
  20. Литва
  21. Лихтенштейн
  22. Люксембург
  23. Мальта
  24. Монако
  25. Жаңы Зеландия
  26. Норвегия
  27. Бириккен Араб Эмираттары
  28. Польша
  29. Португалия
  30. Сауд Аравиясы
  31. Сингапур
  32. Словакия Республикасы
  33. Словения
  34. Америка Кошмо Штаттары
  35. Финляндия
  36. Франция
  37. Хорватия
  38. Чехия
  39. Швейцария
  40. Швеция
  41. Эстония
  42. Катар
  43. Бруней-Даруссалам
  44. Бахрейн
  45. Япония

Ошондой эле дипломатиялык жана кызматтык паспорттор менен Кыргызстанга визасыз режим төмөнкү өлкөгө берилген:

  1. Венгрия (30 күнгө чейин)
  2. Кытай (30 күнгө чейин)
  3. Түркмөнстан (30 күнгө чейин)
  4. Иран (30 күнгө чейин)
  5. Пакистан (30 күнгө чейин)
  6. Словакия (30 күнгө чейин)
  7. Корея (30 күнгө чейин)
  8. Индонезия (30 күнгө чейин)
  9. Индия (90 күнгө чейин)
  10. Польша (90 күнгө чейин)
  11. Катар (90)
  12. Эстония (90)
  13. Франция (90)
  14. Италия (90)
  15. Марокко (90 күнгө чейин).

Визасыз реэим тууралуу маалыматтарды Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты