12-февраль: Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 12-февралда, түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 1…3° болот.
Сүрөт: Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү