1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.

Ушул жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Eшул жылдан баштап мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана салык органдарына тапшыруу зарыл.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты