1-майдан тартып Кыргызстанга кирүү үчүн ПЧР тест талап кылынбайт

  • 2 года мурун

2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу транспорттун бардык түрү менен өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сертификатын, же терс ПЧР тестин милдеттүү түрдө талап кылууну жокко чыгаруу тапшырылды.

Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 28-апрелде өткөргөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында белгиленди.

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругун, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө буйругун күчүн жоготту деп таанууну караган чечимдин долбоору киргизилет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты