1,8 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик агрохимиялык бирикмесинин мурдагы «Химиялык айыл чарба» ишканасына тиешелүү болгон 1,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, СССР кезинде “Химиялык айыл чарба ишканасы («Химия») Жумгал районунун айыл чарба муктаждыктары үчүн химиялык жер семирткичтерди өндүрүү менен алектенген.

“СССР тарагандан кийин «Химия» «Жылдыз» АК болуп кайра түзүлүп, анын директору болуп Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну И.И. акционер болуп шайланганы аныкталды.1996-жылдын 25-мартындагы №77 мамлекеттик мүлк фондунун менчик укугу жөнүндө күбөлүгүнүн негизинде ишкананын мүлкү көрсөтүлгөн акционердик коомдун (АК) балансына өткөрүлүп берилген. 2006-жылдын январында «Жылдыз» АК «Жылдыз-Сервис» ЖЧКсы болуп кайра түзүлгөн жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин бул ишкананын мүлкү банкрот деген шылтоо менен ЖЧКнын жетекчилиги тарабынан И.И.нин атынан сатылып кеткен, жыйынтыгында аймак кароосуз калган абалда калган” деп айтылат маалыматта .

«Жылдыз-Сервис» ЖЧКсынын кайтарылган жер тилкеси тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты