​“Ханституцияга” каршы тынч митинг өтүп жатат

Бүгүн, 9-мартта, Ак-үйдүн алдында «Ханституцияга» каршыбыз!” аталышындагы тынчтык митинги өтүүдө.

Чогулгандар «Легитимсиз парламент таркасын», «Президент тез арада парламенттик шайлоону жарыяласын» жана «Конституциянын долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлсун» деген талаптарын коюшууда.

Уюштуруучулардын бири Жеңиш Молдокматов тынчтык митингисинин максаты- парламент легитимсиз, мыйзамсыз иштер жасалып, өлкөдө “конституциялык төңкөрүш болуп жатканын билдирди.

Парламентте 10-мартта эки окууда кабыл алынарын жана 11-апрелде референдумга коюла турганы айтылды.

Бийликтин баары бир адамга өтүп жатканы белгиленди.

Легитимсиз парламент таркасын! -деди Жеңиш Молдокматов өз сөзүндө.

Сүрөттөр: Гулиза Урустамбек кызы/ «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты