Фемицид. Кыргызстанда аялдарды кимдер жана кантип өлтүрүшөт?

“Сорос — Кыргызстан” фондунун “Жаңы ыкма жана платформалар аркылуу коомдук мааниге ээ медиа материалдарды колдоо” конкурсунун алкагында Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук, фемицид темасында изилдөө жарыяланды.

1-бөлүк. Глобалдык фемицид.

Кыргызстанда аялдарды өлтүрүү: сандар сүйлөйт

Бул изилдөөдө аялдарга карата кылмыштар тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз. Тагыраак айтканда, кыз-келиндердин киши колдуу болушу жана ага түрткү болгон башка кылмыштардын статистикасы берилет. Ошондой эле, фемициддин критерийлери жана аны аныктоо боюнча эл аралык методикаларга токтолобуз.

Аталган ыкманын негизинде фемицид темасында жалпысынан 54 миңден ашуун жаңылык талдоого алынды. Жыйынтыгында Кыргызстандагы ар бир аныкталган фемицид учурлары боюнча кеңири баяндаган маалымат базасы түзүлдү.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан киши колдуу болуусу фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид төмөнкү учурларда жасалат: киши колдуу болгон аялга карата мурда сексисттик жана дискриминациялык ынанымдар болгондо, аял кишини өз менчиги катары көргөндө, калыптанып калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо, колунда бийлиги бар экенине ишенип өзүн жогору көрүүдө.

f emicid.net долбоорунун маалыматына ылайык, төмөнкү учурларда адам өлтүрүүнү фемицид деп атап койсо болот:

  • Киши колдуу болгон аял киши менен анын өмүрүнө кол салган эркек киши тааныш болушкан;
  • Аялдын башка туугандары/кесиптештери/кошуналары өлтүрүлгөн;
  • Аял атайылап же капыстан киши колдуу болгон;
  • Өзгөчө деңгээлдеги мыкаачылык, зордук-зомбулук көрсөтүп, кыйнап өлтүрүү;
  • Киши колдуу болгон аял алсыз же коомдун аярлуу катмарына кирген (мисалы: майып, психикалык жактан оорулуу, алкаголизм, наркомания, карыя же өтө жаш, уурдоо, ала качуу, мигрант, жесир, үйү жок, мас, мурда зордук-зомбулуктан жабыркаган, күң);
  • Өлтүрүлгөн аял — лесбиянка, феминист, укук коргоочу (патриархалдык коомго каршы турат);
  • Аял өзүн өлтүргөн эркек кишинин иш ордуна талапкер болуп же анын социалдык жана экономикалык абалына коркунуч туудургандыктан өлтүрүлгөн (антипатриархалдык аракети үчүн каза тапкан);
  • Аял киши (мектепте, институтта) окуп жатканы үчүн, билим алгысы келип, бирок ага тыюу салуунун натыйжасында өлтүрүлгөн;
  • Аял киши колдуу болсо, демек ал сойку;

− Жек көрүүнүн, кандайдыр бир идеянын негизинде аялдардын өмүрүнө кол салышы мүмкүн (мисалы, инцелдердин кыймылы — “аргасыздан

секстен кармангандар”. Алар өздөрү аргасыз секстен карманганы үчүн аялдарды күнөөлөп, ошол эле учурда кээде зордуктоого чакырышат);

  • Өлтүрүү аялдар экинчи сорттогулар деген идеянын, кызгануунун, маданий эрежелердин («аял кылышы-кылбашы керек»), жыныстык мамиледен жана никеге туруудан баш тартуунун негизинде, “түзөтүүчү зордуктоонун” (бул зордуктоо гомосексуалдык багытты гетеросексуалдыкка өзгөртүү максатында болгондо) жүрүшүндө баш ийбегендиктен, өлтүрүү маркумга шек келтирген видеого тартуу жана аны жайылтуу менен коштолот жана башкалардын негизинде болгон;
  • Эркек киши менен кандайдыр бир мамилени токтотуу учурунда өлтүрүлгөн.

Фемицидге төмөнкүлөр тиешелүү эмес:

  • Табият кырсыгы, катастрофа, авария, уулануу, теракт, жол кырсыгы учурунда капыстан келген ажал;
  • Өз жанын кыйган айрым учурлар;
  • Аялды аял өлтүргөн учурлар (эркектин пайдасы үчүн аялды өлтүрүүдөн тышкары);
  • Өнөкөт оорулардан келип чыккан айрым өлүмдөр (неглект эмес);
  • Күтүүсүз кырдаалдын натыйжасында болгон өлүм;
  • Эркек киши аялды өлтүрүп жатканын билбеген учурлар;
  • Селективдүү эмес бойдон алдыруу (аборт).

М оскванын аялдар музейинин сайтында фемициддин критерийлери жана

түрлөрү менен кеңири таанышууга болот.

Гомицид (адамды адам өлтүрүүсү) тууралуу 2019-жылы жүргүзүлгөн глобалдык и зилдөөгө ылайык, 2017-жылы дүйнө жүзү боюнча 87 миң кыз-келин киши колдуу болгон. Ошол эле учурда аял киши менен эркек кишини өлтүрүүлөр бири-биринен толук айырмаланат. Эркек кишини өлтүрүү көбүнчө «көчөдө» уурдоо, карактоо жана башка кылмыштар учурунда, ошондой эле куралдуу жаңжал маалында болот. Ал эми кыз-келиндерди негизинен үйүндө жакын өнөктөштөрү, мисалы, күйөөлөрү, ойноштору, жолдоштору өлтүрүшөт. Дүйнө боюнча киши колдуу болгон аялдардын 58% дал ушул топтогулар түзөт.

«Үй — аялдар үчүн эң эле кооптуу жайлардын бири. Гендердик стереотиптердин жана теңсиздиктин натыйжасында кыз-келиндер үй ичинде кыйынчылыктарга дуушар болушат», — деп айтылат UNODCдун дүйнөлүк г омицид боюнча баяндамасында.

Б ашкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2010-жылдан баштап

2020-жылдын алгачкы 9 айына чейин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча аялдардын киши колдуу болгонуна байланыштуу 762 кылмыш иши козголгон.

Акыркы 10 жыл ичинде жалпы эле адам өлтүрүү, анын ичинде аялдарды өлтүрүү учурлары азайган — ушундай эле динамика катталган бардык өлтүрүүлөрдүн саны боюнча сакталууда.

Мындан тышкары, талдоо көрсөткөндөй, аял өлтүрүүгө байланыштуу башка кылмыш иштеринде, тагыраагы: жабыркаган адамдын өлүмүнө алып барган ден соолукка оор зыян келтирүү жана өз жанын кыюуга жеткирүү кылмыштарында байкала турчу четтөөлөр жок. Бул Кыргызстанда аялды атайылап өлтүрүү учурларынын саны кыскарып атканынан кабар берет.

Анткен менен Б ашкы прокуратуранын маалыматына ылайык, акыркы эки

жылда — 2019 жана 2020-жылы — КЖКнын 135-беренеси, «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» боюнча каза тапкандардын аял киши экени белгиленген кылмыш иштери каттала баштаган. 2019-жылы 11 аял каза таап, анын ичинен үчөөндө кылмыш иши козголгон. Ал эми 2020-жылдын 10 айында 28 аял каза таап, анын ичинен 23 учуру боюнча иш козголгон. Ошол эле учурда, 2019-жылга чейин бул беренелер боюнча бир да кылмыш иши катталган эмес. Бул көрүнүш кошумча изилдөөнү талап кылат, анткени бул беренеде потенциалдуу түрдө фемицид учурлары жашынып жаткан болушу мүмкүн.

100 000 аялга карата атайылап өлтүрүүнүн коэффициенти кыскарып жаткан д инамиканы көрсөтөт. Эгер 2010-жылы ал төрттөн ашык болуп, жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтөн жогору болгон болсо, акыркы үч жылда анын мааниси экиден төмөн.

2-бөлүк. Кыргызстандагы фемицид: өлүм жана жан алгыч

Кыргызстанда аялдардын өмүрүнө көбүнесе эркектер кол салат. Бул орточо эсеп менен он кылмыштын ичинен сегизин түзөт. Ал эми 10% аялды аял өлтүргөн болсо, 10% учурда кылмышкер табылбай калган.

Жалпысынан адам өлтүрүүлөрдүн статистикасы тууралуу айтсак, Кыргызстанда аялдар тарабынан аялдардын өмүрүнө кол салган учур 1/10 түзөт. Ал эми калган тогузу эркектер тарабынан жасалат.

Б ашкы прокуратуранын маалыматына ылайык, соңку 10 жыл ичинде эркек киши

өлтүрүүнүн бардык учурларынын орточо эсеп менен 10%дан бир аз ашуунунда жан алгыч аялдар болгон. Калган учурларда эркектерди дал гана эркектер өлтүргөн.

Мындан тышкары, эркек кишини өлтүрүп соттолгон аялдарды изилдөөнүн жыйынтыгында болгону 37 аял аныкталды. Бул аялдардын ичинен 17си эркектин кол салуусунан коргонгон.

Жаңылыктарды, пресс-релиздерди жана сот өкүмдөрүн кеңири талдоонун жүрүшүндө биз 2008-жылдан тартып 2020-жылдардын аралагында болгон фемициддин 3 00 учурун аныктадык.

Орточо эсеп менен бир жылда 20дан 30га чейинки учур аныкталган. Бирок, башка аял өлтүрүү учурлары фемицид эмес дегенди түшүндүрбөйт. Биз калган өлтүрүү учурларынын чоо-жайын таба алган жокпуз, ошондуктан бул фемицид деп айта албайбыз. Кыргызстандагы ар бир фемицид учурун кылдат анализдөөнүн негизинде төмөнкүдөй тыянактарды чыгарса болот.

  1. ТЫЯНАК. Киши колдуу болгон аял төрт учурдун үчөөсүндө кол салган адамды тааныган

Фемицид учурларынын 75%ын киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам

— жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу — кылган. Аял өлтүрүү учурларынын 12%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

  1. ТЫЯНАК. Аялдардын өмүрүнө эң көп күйөөлөрү жана өнөктөштөрү кол салган

Аял өлтүрүү учурларынын 38%ын анын жыныстык өнөктөшү жасаган, көбүнчөсү күйөөлөрү кылган. Бул 300 учурдун ичинен 67сине туура келет.

  1. ТЫЯНАК. Көбүнчө бычак же өз колу менен өлтүрүшөт

  1. ТЫЯНАК. Фемициддердин дээрлик бардыгы өзгөчө мыкаачылык, орой жана агрессивдүү түрдө жасалган. Жаракаттар бирин-серин кездешкен учурлар абдан аз

Үч фемицид учурунун экөөсүндө киши колдуу болгон аялдын денесинде көптөгөн денеге залал келтирүү жана көптөгөн бычак сайып жарадар кылуу аныкталган.

3-бөлүк. Фемицид үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кесепети

Аял өлтүрүү учурларынын көбү урушуу учурунда эркектин агрессиясынан улам болот. Киши колдуу болгон аялдардын көбү күйөөлөрү, өнөктөштөрү тарабынан такай зордук-зомбулукка кабылып турушкан. Ошол эле учурда, эркектин агрессиясына кызгануудан тарта каржы боюнча маселелерди талкуулоо сыяктуу ар кандай нерселер себеп болушу мүмкүн. (Мисалы, “телевизор көрүүгө тоскоол кылган”, “тамакты жай жасаган”, күйөөсү аялын тарбиялоо максатында сабаган, аялы күйөөсүнөн 500 сомду эмнеге жумшаганын сураган).

Кыргызстанда аялдарды өлтүрүү бул түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экенине карабастан укук коргоо органдары аялдарды өлтүрүүнү үй-бүлөлүк зомбулук менен байланыштырышпайт. ИИМдин маалыматына

ы лайык, 2015-жылдан тартып үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында адам

өмүрүнө кол салуу аз катталып жатат. Мисалы, 2015-2016-жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында 12 адам өлтүрүү катталган, ал эми 2017-2018-жылдары бул сан төрткө чейин азайган. Ал арада биздин изилдөө ошол эле жылдары үй-бүлөлүк жана жыныстык фемицид (тактап айтканда, аял жыныстык катнаштагы өнөктөшү, атасы же баласы тарабынан өлүтүрүлгөндө) кыйла көп болгонун айтып турат.

Үйдөгү зордук-зомбулук көйгөйү жана анын фемицид менен болгон байланышы “кийинкиге калтырылган фемицид” фактысы менен ырбайт. Соңку бир нече жылда Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун 7000ге жакын учуру катталды. Жабыркаган аялдардын баары киши колдуу болушу ыктымал, анткени агрессорду жазалоо абдан кыйын. Жабыркаган аялдар жаракат алган күнү эмес, бир аз убакыттан кийин мерт болушу мүмкүн. Ошондо алардын өлүмү кыйнап өлтүрүүлөрдүн статистикасына такыр кирбей калышы ыктымал.

Аял өлтүрүү боюнча мыйзам эмне дейт?

Кыргызстанда фемицид деген өзүнчө кылмыш категориясы жок. Аялды өлтүрүү, мисалы, зордуктоо сыяктуу гендердик кылмыш болуп саналбайт.

Жазык кодексинде «Адам өлтүрүү» беренесинде аялга түздөн-түз тиешелүү болгон бир эле пункт бар. Анда «Күнөөлүүнүн билип туруп кош бойлуу аялдын

өмүрүнө кол салуусу” жөнүндө сөз болот. Бул пункт боюнча өзүнчө жаза жок. Кылмышкер 12,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып же айыппулга жыгылышы мүмкүн, же ал өмүрү өткүчө эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жаза кандай болорун судья чечет, тагыраагы анын ыктыярына көп жазалар берилген.

2019-жылы күчүнө кирген жаңы Жазык кодексинде «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча гуманизация болгон. Эгер мурда кылмышкер 20 жылга соттолуп кетиши мүмкүн болсо, азыр ал ашып кетсе 15 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

2017-жылы Кыргызстандын Жогорку соту өлүмгө алып барган ден соолукка оор зыян келтирүү жана адам өлтүрүү тууралуу иштер боюнча чечим чыгарууда сунуштамаларды судьялар үчүн иштеп чыккан. Бул документте аял өлтүрүү учуру да өзүнчө белгиленген. Ошол эле учурда, мыкаачылык менен аял өлтүрүү болду деш үчүн төмөнкүлөрдү далилдеш керек: адам өлтүрүүнүн алдында мыкаачылыктын белгилери бар болгону, анын ичинде кыйноо, азап чектирүү жолу менен жабыр тарттыруу; жабырлануучуга өзгөчө кордук көрсөтүү; денесине көп сандаган жарааттарды келтирүү; кыйноочу ууну колдонуу; адамды тирүүлөй өрттөө; узак убакыт тамак, жылуулук, суу бербөө ж.б.

Ушул эле документте «кылмышты жашыруу максатында сөөктү жок кылуу же жиликтөө адам өлтүрүүнү өзгөчө мыкаачылык менен жасаган деп жиктөөгө негиз болбойт» деп айтылат.

Ал эми Кыргызстандагы фемициддин мүнөздөмөлөрү аялдардын көзү тирүүсүндө такай ур-токмокко туш болуп, көп жаракат алганын жана натыйжада мыкаачылык менен өлтүрүүгө дуушар болгонун айтып турат. 100 фемицид учурунун ичинен бери эле дегенде 70инде адам өмүрүнө кол салган киши кылмышты жашырууга аракет кылган. Тагыраак айтканда, ал сөөктү өрттөө жана жиликтөө аркылуу маркумдун сөөгүн жок кылган.

Ошого карабастан, көп учурда кылмышкерлерге кадимки өлтүрүүгө каралган жазалар берилчү. Ал тургай сот аялын өлтүргөн адамга шарттуу жаза чыгарган учурлар кезедешет. Анткени “жубайы тарабынан оор кемсинтүүгө кабылып, ошондой эле анын адеп-ахлаксыз жүрүм-турумунун натыйжасында узакка созулган психикалык травма алып келүүчү кырдаалдан улам” адам өлтүрүүгө барганын айткандар болгон.

Жазадан кутулуп кетүүнүн ушундай амалдары, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун механизмдеринин жетишсиздиги, аялдарга карата дискриминациялык ынанымдар менен гендердик стереотиптердин бар болушу — ушунун бардыгы Кыргызстанда фемициддин турмушта болуусуна шарт түзүп жатат. Ошондуктан бул маселе мамлекет жана укук коргоо органдарынын кечиктирилгис кийлигишүүсүн талап кылат. Кыргызстанда фемициддин бар болушун таануу мыйзам деңгээлинде болушу керек.

Даярдагандар: Анна Капушенко, Савия Хасанова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты