Прокурор Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө башталды

  • 3 года мурун

Ош облустук прокуратурасында улук прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин бөлүмүнүн башчысы Ильич Исманбетов билдирди.

Сарыков Ош шаардык сотундагы отурумга мас абалында катышып, андан соң судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда интернетке тараган.

Ильич Исманбетов кесиптешине байланышкан бул окуяны жарым-жартылай тастыктап, ал коопсуздугуна байланыштуу терезеден чыгып кеткен болушу мүмкүндүгүн айтты:

«Терезеден чыгып кеткени боюнча иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен так маалымат берилет. Менин укканыма караганда, отурумда эл көп болгондуктан коопсуздугуна байланыштуу ушундай кадамга барган» деди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты