Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов Россияга иш сапары менен барат

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрда Москвада иш сапары менен болот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана аткаруучу комитеттин төрагасы — КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Делегация курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты