​Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болду

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев борбор шаардын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка борбордун мэри Азиз Суракматов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул кызматта мурда иштеген Алмаз Бакетаев вице-мэр болуп дайындалды. Алимбек Абдылдаев мэрдин кеңешчиси болуп дайындалды.

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп 11 жылга соттолгон. Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.

Түлеевдин жер мафиясы тууралуу иликтөө бул шилтемеде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты